Батукаевдин иши: Мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева эки айга ТИЗОго киргизилди

Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаеваны 16-июлга чейин ТИЗО-1ге киргизүү өкүмүн чыгарды. Ал кримтөбөл Азиз Батукаевдин бошотулушу тууралуу иш боюнча кармалган.

Ички иштер министрлигинен тергөө жүруп жатканына таянып Сагынбаева так кесе эмне боюнча шектелип же айыпталып жаткандыгына «Клоопко» комментарий берүүдөн баш тартышты.

Мурдараак Сагынбаева милицияга суракка чакырылып, кийинчерээк экс-министр кармалган болчу.

Динара Сагынбаева президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда эки жолу саламаттык сактоо министринин кызматын аркалаган. Соңку төрт жылдан бери ал Улуттук госпиталды жетектеп жаткан.

Батукаевдин бошотулушу иши боюнча дагы беш врач кармалган. Алар коррупцияга, документтерди жасалмалоого жана кызматтык будамайлоого аралашышкан делип айыпталышууда.

Нарык шаардык соту кримтөбөл Азиз Батукаевди 2013-жылы «кандын күчөгөн лейкозу» дарт белгисинин негизинде абактан бошоткон. Мындан кийин медициналык корутунду жасалма экендиги белгилүү болгон, бирок Батукаев өлкөдөн чыгып кетүүгө жетишкен.

Батукаев бир катар беренелер, анын ичинде массалык башаламандыктарды уюштуруу жана куралдарды мыйзамсыз сактоо боюнча 16 жыл 8 айга эркиндигинен ажыратылган.

ТЕМА БОЮНЧА: