Иманкадыр Рысалиев «Ачык өкмөттүн» төрагалык кызматынан кетти

Өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиевдин бажасы Иманкадыр Рысалиев «КТ Мобайлдын» айланасында чыккан ызы-чуудан кийин «Ачык Өкмөттөгү» кызматынан отставкага кетти. Буга чейин «Мегакомдун» башчысы Рысалиев аны коркутканын айткан, ал эми өкмөт башчысы «мамлекеттик иш менен туугандык мамилелер сыйышпасын» билдирген.

Иманкадыр Рысалиевдин айтымында, «Ачык өкмөт» уюмунун төрагалык кызматынан кетүү — бул анын жеке чечими. Ал кызматтан кетүү тууралуу арызын өкмөт менен Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмуна (ЕККУ) берип койгон.

Буга чейин өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев ЕККУга Рысалиевди «Ачык өкмөттөгү» кызматтан чакыртып алууну сунуштаганы айтылган болчу.

Отставка «Кыргызтелеком» улуттук байланыш операторунун туунду ишканасы деп эсептелген «КТ Мобайлдын» айланасында чыккан ызы-чуунун шартында болду. Анын директорунун орун басары Эрназар Иманкадыр Рысалиевдин баласы болгон. 2018-жылы компания өзүнчө уюк оператору болгусу келип, бул үчүн бөлөк мамкомпания «Мегаком» бириккен.

«Мегаком» байланыш операторунун башкы директору Акылбек Жамангулов Иманкадыр Рысалиевден коркутуулар болуп атканын айтып чыккан. Милиция коркутууларды текшерүүнү убада кылган.

Ошондой эле коомдук тармактарда «КТ Мобайлдын» жетекчилиги айына 300 миң сомдон өйдө маяна алып турганы жөнүндө маалымат пайда болгон, ал эми Эрназар жана Иманкадыр Рысалиевдер — премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин туугандары. Бул ызы-чуудан улам менежерлер кызматтарынан кетишкен. Өкмөт башчысы болсо «мамлекеттик иш менен туугандык мамилелер сыйышпайт» деп эсептейт.