Ниязов Атамбаевдин Жээнбеков менен араздашуусу, тыңшоо жана УКМКны реформалоо туралуу. Кыскача баяндоо

Контекст:

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин үзөңгүлөшү жана анын аппаратынын мурдагы башчысы Фарид Ниязов Улуттук коопсуздук боюнча мамкомитети (УКМК) тараптан ыкмымалдуу тыңшоо болгондугу боюнча басма сөз жыйынга чыгып сүйлөдү. Ниязов бир жылдан ашуун араздашууда жүргөн азыркы президент Сооронбай Жээнбеков менен Атамбаевдин мамилелерине кайрадан комментарий берди.

Атамбаевди тыңшоо

Атамбаевди бир нече жолу тыңшоого аракет кылышкан — анын телефонун бузуп кирип, эс тутум картасынан файлдарды окуган программаны орнотушкан. Ошондон бери Атамбаев уюк телефонун колдонбой калган. Мени да тыңшашат. Биз бул маселе боюнча башкы прокуратурага кайрылабыз.

Атамбаев менен Жээнбековдун тиреши

Атамбаев Жээнбековго бир нече жолу элдешүүнү сунуштаган, бирок учурдагы президент баш тарткан. Жээнбеков өзүнүн Атамбаев менен болгон тирешүүсү маанисиз экенин түшүнгөнгө чейин туңгуюкта болот. Азыр Атамбаев — учурдагы бийликтин башкы бутасы.

Жээнбековдун колунда дээрлик бардыгы чогулуп турат

Атамбаевдин 2012-жылы УКМКнын Антикоррупциялык кызматын түзгөнү катачылык болгон, бирок бизнести текшерүү азайган. Биз бул кызматты өкмөттүн карамагына өткөрүп берүүнү пландаганбыз. Биз реформаны аягына чейин чыгара алган жокпуз, анткени жарандык коом Атамбаевди Конституцияга киргизилген түзөтүүлөр үчүн сынга алган.

Укук коргоо системасынын көйгөйү президенттин колунда дээрлик баары чогулуп турганында болууда. Азыр биз УКМКнын ремормасы бышып жетилгенин көрүп жатабыз, анткени антикоррупциялык кызмат атайын кызматтын кадырын кетирүүдө.

Антикоррупциялык кызмат көзөмөлдөнбөйт, анткени анын колдоочусу күчтүү. Ал УКМКнын түзүмүндө болгондуктан президентке баш ийет.