Укук коргоочу Калича Умуралиева «Шаардагы парктар» ишканасына жетекчи болуп дайындалды

Калича Умуралиева. Сүрөт: Эрнист Нурматов / RFE / RL

Бишкектин бийлиги укук коргоочу «Биздин укук» уюмунун башчысы Калича Умуралиеваны «Шаардагы парктардын» директорлугуна дайындады.

«Мен “Шаардагы парктар” муниципалдык ишнасынын директору катары шаардыктардын жагымдуу жашоого болгон укуктарын коргойм. Ар бир кызматкер, маморгандардын жана муниципалдык органдардын кызматкерлери Конституцияны жана жарандардын укуктарын туу тутушу керек», — деди Умуралиева «Клоопко».

Укук коргоочунун айтымында, аны жумушка шаар бийлиги чакырган. Анын божомолу боюнча, бул ал башкарган фонддун ишмердигине байланыштуу.

«Биз (“Биздин укук” уюмунун кызматкерлери) шаарыбыздын бардык жашыл аймактарында чоң изилдөө иштерин жүргүзүп, “Бишкектин жашыл аймактары” китебин чыгардык. Китепте ар бир сейил бактын жана анын өзгөчөлүгүнүн тарыхын баяндап бердик. Балким, бул чөйрөдөгү көйгөйлөр тууралуу бизден жакшы эч ким билбейт болушу керек», — деди ал.

Калича Умуралиева жарандардын укуктарын коргоп, Бишкектеги жашыл өсүмдүктөр менен сейил бактарды сактоо үчүн күрөшкөн «Биздин укук» уюмун жетектейт. Умуралиева жана анын кызматкерлери бир нече ирет жашыл өсүмдүктөрдү коргоо митингдерине чыгышып, андан тышкары, калааны өзгөртүү боюнча коомдук угуулардын бардыгына жигердүү катытышкан.