ИИМдин башчысынын мурдагы орун басары «Азия Ньюс» гезитине койгон 10 млн сомдук доосун чакыртып алды

Бул тууралуу өзүнүн фейсбук барагында басылманын башкы редактору Асланбек Сартбаев билдирди.

«Генерал Данияр Абдыкаров мени менен соттошуудан баш тартты. Жигит экен...», — деп комментарий берди бул чечимге Сартбаев.

Сартбаев 24.kg маалымат агенттигине курган маегинде аларды бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов элдештиргенин түшүндүргөн. Бирок Сартбаев Абдыкаровдун «Азия Ньюска» койгон домаатынан баш тартуу чечимине Матраимов так кесе кандай таасир эткенин түшүндүргөн жок.

ИИМдин башчысынын мурдагы орун басары Данияр Абдыкаров сотко 10-майда кайрылган. Ал гезит менен анын башкы редакторунан моралдык компенсация катары 10 млн сом төлөп берүүлөрүн талап кылган. Буга чейин басылма 2014-жылы жүз берген студент Камила Дүйшөбаеванын өлүмү тууралуу бети ачыла элек иш тууралуу макалаларды жарыялап турган. Бул иш боюнча тергөө иши уланууда.