Ошто 8-класстын окуучусу бычакталып ооруканада каза тапты

Илюстративдик сүрөт

Ош шаарында 30-майда сегиз жана тогузунчу класстын окуучулары өз ара айтыша кетишип, чыр биринчинин өлүмү менен аяктады. Милициянын маалыматына караганда, маркумдан бир жаш улуу бала аны учтуу буюм менен сайып жиберген.

«Кыргызстандын 40 жылдыгы» атындагы мектептин 8-классынын окуучусу Самат Акматов 30-майда бычак жеп, саат 11:00дор чамасында ооруканага жеткирилип, эки сааттан кийин каза тапкан.

Ош шаардык милициясынын маалымат катчысы Замир Сыдыков «Клоопко» билдиргендей, маркумдун өлүмүнө шектелип андан бир класс жогору окуган жигит кармалган.

«Маркум өлөөргө жакын шектүүнүн атын атап, ошол бычак сайганын айткан. Шектелген бала кармалып, азыр тергөөчүдө. Күнөөсүн мойнуна алды», — деди Сыдыков.

Укук коргоо органдарынан маалымдашкандай, окуучулар мектептен алыс эмес дүкөндүн жанында өз ара айтышка кетишкен. Натыйжада шектүү маркумга учтуу буюм менен сайып жиберген. Тергөө иштери жүрүп жатат.

Редакторлору: Айдай Беделбек кызы, Элвира Султанмурат кызы