Батукаевдин иши: Прокурорго Кыргызстандан чыгууга тыюу салынды

Кримтөбөл Азиз Батукаев

Материал 17:13тө жаңыртылды.

Бишкектин Биринчи май райондук соту кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу тууралуу иш боюнча Нарын облусунун прокурору Майрамбек Акматалиевге өлкөдөн чыгууга тыюу салды.

Жогорку соттун басма сөз кызматынан «Клоопу» билдиришкендей, прокурорго 26-июнга чейин чыгып кетүүгө тыюу салынды.

Буга чейин 24.kg басылмасы милиция кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу тууралуу иш боюнча Нарын облусунун прокурору кармалганын маалымдаган. Акматалиев кримтөбөл бошотулган учурда, тагыраагы 2013-жылы атайын прокурор болуп иштеген.

Басылманын булактарынын маалыматтарына ылайык, прокурор 2013-жылы Батукаев бошотулган учурда атайын прокурор болуп турган.

Батукаевдин бошотулушу тууралуу иш боюнча экс-вице-премьер-министр Шамил Атаханов, мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева үй камагында, анын ичинде кримтөбөлгө «курч миелобластык лейкоз» диагнозун коюшкан врачтар кармалышкан. Врачтар койгон диагноз Батукаевдин бошотулушуна негизги себеп болуп берген.

Ошондой эле Башкы прокуратура Нарын шаардык сотунун мурдагы судьясы Жапар Эрматовго карата да иликтөө баштаган. Тергөөчүлөр анын аракеттерин «Атайылап сот адилеттигине жатпаган өкүм чыгаруу» жана «Коррупция» беренелери боюнча изилдешүүдө.

Кримтөбөл Азиз Батукаев 2013-жылы Нарындагы күчөтүлгөн тартиптеги колониядан Эрматовдун чечими боюнча чыккан. Кийинчерээк медициналык корутунду жасалма экендиги белгилүү болгон, бирок Батукаев ал убакта өлкөдөн чыгып кетүүгө жетишкен.

Батукаев бир катар беренелер, анын ичинде массалык башаламандыктарды уюштуруу жана куралдарды мыйзамсыз сактоо боюнча 16 жыл 8 айга эркиндигинен ажыратылган.