Ош шаарында туристтик милиция түзүлөт

Бишкектеги туристтик милиция кызматкерлери. Сүрөт: kabar.kg

Ош ШИИБнин басма сөз катчысы Замир Сыдыков «Клоопко» билдиргендей, шаардык кайгуул-көзөмөл кызматынын батальонунун астында туристтик милиция взводу түзүлөт. Буга байланыштуу 5-июнда сынак жарыяланып, талапкерлер өз документтерин милициянын кадр бөлүмүнө тапшыра алат.

«Туристик милиция кызматына жалпы 20 орун бар. Алардын баары офицердик орундар. Кызматка жогорку билимдүү, ички иштер органдарынын кызмат өтөөсү тууралуу жобонун талаптарына туура келген жана чет тилдерин билген адамдар кабыл алынат», — деди Сыдыков.

Аталган иш орунуна талапкерлердин билдирмелерин кабыл алуу 19-июнга чейин жүргүзүлөт. Бирок туристтик милиция качан иштей баштаары азырынча белгисиз.

Кыргызстанда алгач туристтик милиция взводу 2018-жылдын декабрь айында Бишкекте түзүлгөн. Ички иштер министрлигинен туристтик милициянын негизди милдети чет элдик туристтердин коопсузугун жана укуктарынын сакталышын камсыздоо болгону маалымдалган. Бара-бара аталган бөлүм туристтер көп барган аймактарда да түзүлөөрү айтылган.