«Республика» партиясынын мүчөсү Матраимовдор жөнүндө пикиринен улам УКМКга чакырылды

Улуттук коопсуздук боюнча мамкомитет (УКМК) 4-июнда «Республика» партиясынын мүчөсү Канат Мидин уулун «Азаттыктын» Матраимовдордун үй-бүлөсүнө арналган иликтөөсү жөнүндө фейсбукта жазган пикиринин айынан суракка чакырды.

«Баары сылык болду, эч кандай басым болгон жок. Мен олуттуу эч нерсе деле болгон жок деп ойлойм, анткени өз оюбузду билдирүү бул биздин конституциялык укугубуз. Эгер митингдер тууралуу айтып жатсак дагы, митингдерди, тынчтык чогулуштарды өткөрүү бул биздин конституциялык укугубуз», — деп сурактан кийин билдирди Мидин уулу өзүнүн фейсбуктагы барагында.

Ал атайын кызмат анын пикирине филологиялык экспертиза дайындап, анын жыйынтыктарын күтүп жатышканын кошумчалады. Экспертиза анын кайрылуусунда бийликти кулатууга чакырык болбогон-болбогонун билүү үчүн жүргүзүүдө.

Мидин уулу кыргызстандыктарга жолдогон видеокайрылуусун «Азаттыктын» Кыргызстандан 700 млн доллардын чыгарылып кетишине Матраимовдордун үй-бүлөсү тиешелүү болушу мүмкүндүгү тууралуу иликтөөсүнөн кийин 30-майда жарыялаган.

Ал өзүнүн видео кайрылуусунда бийлик менен парламентти аракетсиздикке айыптап, бийлик бул — эл экенин билдирүү үчүн кыргызстандыктарга митингге чыгууну сунуштаган. Ошондой эле ал эгер коррупцияга каршы курөш башталбай турган болсо парламентти таркатууну, өкмөттүн жана президенттин оставкасын талап кылган.

«Элестетип көрсөңөр, бир эле үй-бүлөнүн, бир эле кландын бир эле тармактагы жүгүрүп жаткан акчасы — банктар аркылуу 700 млн чыгарылып кетип жатат. Накталай канча акча чыгып кетти? Жалпысынан, бул жерде 1,5-2 млрд долларлык акча айланып турат окшойт да. Бир эле тармак! Мындай тармактар канча? Ошол эле энергетика тармагында, тоо-кен, дары-дармек сатуу тармагында жана башка толгон-токой тармактарда канча деген ушул сыяктуу кландар бүгүнкү күнү бизнестерин жүргүзүп жатышат. Алардын бизнестери гүлдөп атат», — деп айткан ал өзүнүн видеосунда.

Бийликтин реакциясынан - элдин реакциясы маанилуу!Бийлик булагы эл!

Posted by Канат Мидин Уулу on Thursday, May 30, 2019

Анын пикири боюнча, азыр элдин кланчылык менен коррупцияга каршы күрөштөгү реакциясы маанилүү.

«Эксперттер айтып жатат, бул адамдар парламенттик шайлоодо демөөрчү болот, ошондуктан буларды эч ким тыйбайт деп. Ушундай демөөрчүлөр менен келген депутаттын бизге кереги барбы, ошондой бийликтин бизге кереги барбы?», — деп жыйынтыктады Мидин уулу.

Бийлик «Азаттыктын» иликтөөсүндө айтылган фактыларды текшере баштаган. Бул үчүн финполдо атайын тергөө тобу түзүлгөн. Ошондой эле финпол бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун мүлкүн беш айдан бери текшерип жатат.

Матраимовдордун өздөрү иликтөөнү «буйрутма» деп аташып, 700 млн доллардын өлкөдөн чыгарылып кетишине тиешелери жоктугун айтышууда.