Эгер Жээнбеков «саясий оюндарды» токтотпосо, КСДП президенттин мөөнөтүнөн мурда отставкасын талап кылууга даяр

Сүрөт: Айдай Эркебаева

КСДП коррупцияга каршы митинг өткөрүп, анда экс-президент Алмазбек Атамбаев, анын тарапташтары жана камакка алынган Сапар Исаковдун, Кубанычбек Кулматовдун жана Албек Ибраимовдун адвокаттары чыгып сүйлөштү. Митингдин жыйынтыгында партия резолюция кабыл алып, эгер бул талаптар аткарылбаса, президент Сооронбай Жээнбековдун мөөнөтүнөн мурда отставкасы тууралуу маселесин коюуну убадалады.

КСДП эмнени каалайт?

КСДП Жээнбеков коррупцияга каршы күрөшүүнү имитациялап жатат деп эсептеп, саясий каршылаштарын куугунтуктоону токтотууну, укук коргоо органдарын укуктук талаага кайтарууну жана кыргызстандыктардын тынчтык чогулуштардагы эркиндикке болгон укуктарын сактоону талап кылды.

«Укук коргоо органдары бизнести “кошмар” кылып, саясий режимдин атаандаштарына айыптоолорду атайылап жасап, жарандык коомду алдап жатат. Алтургай “тергөө менен бүтүм” сыяктуу прогрессивдүү жаңы эреже да “жакпас” адамдарга каршы көрсөтмөнү күч менен алуу үчүн примитивдүү колдонулат», — дейт КСДП.

Партия президент менен маморгандар өлкөнүн экономикалык жыргалчылыгы үчүн күрөшүүнүн ордуна мамлекетке жик салуу менен алек деп эсептейт. Алар УКМК менен ИИМди «саясий тыңчылыкка» айыпташып, Антикоррупциялык кызматты УКМКнын курамынынан чыгаруу керектигин айтышты.

«Матраимовдордун кланы тууралуу акыркы кабарлар өзгөчө нааразычылык жаратууда. Коомчулуктук нааразычылыкты тоготпоо жана жарандык коом менен кызматташтыктын жоктугу өтө жакын убакыт аралыгында өлкөнү кризиске алып келиши мүмкүн», — деп эсептейт КСДП.

КСДП талаптарды аткаруу үчүн президентке убакыт берди — «жакынкы айлар». Бирок так канча убакыт экени такталган жок. Эгер Сооронбай Жээнбеков жана анын айланасы «коркунучтуу саясий оюндарды жүргүзүүнү токтотпосо», партия мөөнөтүнөн мурда өтүүчү шайлоого жана учурдагы президенттин отставкасына даяр.