Өкмөт башчысы журналисттин «жүзү жакпай калган» Чүйдүн ыйгарым өкүлүн кызматынан бошотту

Туйгунаалы Абдраимов

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 10-июнда өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Туйгунаалы Абдраимовду кызматынан бошотту.

Аткаминер 5-июнда Орок айлындагы жаңжал учурунда журналисттин суроосуна жооп берүүдөн баш тарткан, анткени ага «анын жүзү жакпай калган». Кийинчерээк Абдраимов кабарчынын «прокурордук өктөмдүгү» жакпай калганын түшүндүргөн.

Ал «Азаттыкка» курган маегинде журналистке карата айткандарын «кемсинтүү» деп эсептебесин билдирген. Аткаминер журналист катары андан кечирим сурабасын, бирок кыз катары кечирим суроого даяр экенин айткан.