Токтогулда 18 млн сомго бааланган көпүрөнүн курулушу эки жылдан бери бүтпөй келет

Ничке-Сай айылындагы толук бүтпөй жаткан көпүрө. Сүрөт: жергиликтүү тургундар тарабынан тартылган

Токтогулдун Ничке-Сай айылында 2017-жылы эски көпүрө бузулуп, ордуна жаңысы салына баштаган. Эки жылдан соң анын курулушу 90 пайызга гана аяктап, толугу менен бүтүрүүгө каражат бөлүнбөгөндүктөн улам пайдаланууга берилбей турат.

Транспорт жана жолдор министрлиги тарабынан 2017-жылы Ничке-Сай суусунун 12-километрине жаңы көпүрө куруу үчүн 18 млн сомго тендер жарыяланган. Көпүрө 90 пайызга бүткөндөн кийин курулуш иштери каражаттын жоктугунан токтоп калган.

«8 метрлик көпүрөнүн курулушу 2017-жылы күз айларында токтогон. Кайрылбаган жерибиз калган жок. “Каражат жок, акча бөлүнбөй жатат” деп жатышат», — дейт Ничке-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы Асанбай Жаңыбаев.

Транспорт министрлигинин басма сөз катчысы Кылычбек Досумбетов көпүрөнүн курулушу бүткөнүн, учурда анын эки тарабын асфальттоо иштери гана калганын «Клоопко» билдирди.

«Көпүрөнүн курулушуна 15 млн сомдой акча жумшалыптыр. Учурда эки тарабына 50 метрден асфальт төшөө иштери калган. Быйылкы жылы ага каражат бөлүнө элек», — деп түшүндүрдү ал.

Мындан тышкары, Ничке-Сайда 2017-жылы дагы бир көпүрө бузулган. Анын узундугу 12 метрди түзүп, курулушу 22 млн сомго бааланган. Бирок каражаттын жоктугунан эски көпүрө бузулган бойдон турат.