«Бурулай үчүн ызаланып кеттим»: Мэрдин кеңешчиси эл өкүлүн эмне үчүн сөккөнүн түшүндүрүп берди

Бишкек мэринин кеңешчиси Гуля Алмамбетова «NewTV» телеканалынын эфиринде билдиргендей, «эмоцияга алдыргандыгы» үчүн твиттерде депутат Махабат Мавлянованы «пошла нахуй» деп сөккөн. Депутат айым кыздар үлпөт тойго ачык кийим кийбеши керек деп жазган эле.

«Бурулайдын кайтыш болгонуна бир жыл болуп жатса Махабат Мавлянова көйнөк тууралуу пикир салды. Мен ошондо абдан ызаландым. Ызаланып туруп сөктүм. Ал твитти мен албайм. Мага эскертүү болду, мен дагы эмоцияга алдырдым. Бирок, ошого карабастан Махабат айымдын жоопкерчилигине абдан чоң баа берип жатам. Ал эмоцияны мындай бөлдү, менин жумушумду мындай бөлдү», — деди Алмамбетова.

Мавлянова өзү кийинчерээк Алмамбетованы сөгүнгөн твит үчүн жазалоого каршы чыккан.

Ошондой эле мэрдин кеңешчиси өлкө боюнча аялдар зомбулукка кабылып жаткан учурда депутаттар кыздар эмне кийип, эмне кийбеши керектиги тууралуу маселелерди көтөргөндөрү жакпасын айтты.

«Жанагынча балдар жабыркап жатат, кыздарыбызды өлтүрүп кетип жатат. Ошол маселени көтөргөндөн көрө башка маселелерге көңүл бурасыздар. Кечирип коюңуздар. Жакпаган нерсе үчүн мен ошондойлорду айтып койдум, бул өзүмдүн баракчам болчу. Ошол күнү аябай жаным кейиген, жарым күн ыйлап чыккам», — деди Алмамбетова.

«Республика — Ата Журт» фракциясынын депутаты Махабат Мавлянова 19-майда фейсбук барагында кыргыз кыздары төшү жана далысы ачык үлпөт көйнөктөрүн кийбей эле коюшканы оң деп жазган. Ага жооп ирээтинде Алмамбетова эл өкүлүн твиттерде «пошла нахуй» деп сөккөн.

Бул окуядан кийин мэриянын аппараты Алмамбетованын твити үчүн кечирим сураган, бирок аны айыпка жыга алышкан эмес, себеби ал маяна албай иштейт.

Бурулай Турдалы кызы 2018-жылы 27-майда Чүй облусунун Жайыл РИИБинде киши колдуу болгон. Буга чейин аны ал турмушка чыккысы келбеген жаш бала ала качып кеткен.

Патрулдук милиционерлер Бурулайды жана аны ала качкан баланы милицияга алып келишип, ошол жерден кызды ала качкан бала ага бычак сайып, натыйжада кыз көз жумган.

Сот Бурулайдын өлүмүнө айыпталган адамды 20 жылга эркинен ажыратып, ал эми беш милиционерди болгону штрафтарга гана жыгып койгон.