Казакстандын БШКсы: Токаев президент болуп шайланды

Касым-Жомарт Токаев. Сүрөт: Казакстандын президентинин басма сөз кызматы

Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Ляззат Сулеймен билдиргендей, Касым-Жомарт Токаев шайлоочулардын добуштарынын 70,9% ээ болгон.

БШКнын маалыматына ылайык, экинчи орунду 16,2% менен «Улут тагдыры» бириккен улуттук-патриоттук кыймылынын талапкери Амирхан Косанов ээлеген. Үчүнчү орунга шайлоочулардын 5,2 пайыз добушун алган «Ак Жол» партиясынын талапкери Дания Еспаева чыккан.

Казакстанда президенттик шайлоо 9-июнь күнү болуп өттү. Бул талапкерлердин тизмесине Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин ысымы кошулбаган өлкөнүнүн тарыхындагы алгачкы шайлоо.

Президенттик шайлоо массалык митингдер менен коштолуп, полиция 500дөн ашуун адамды кармаган. Байкоочулар эреже бузуулар жана бюллетендерди таштоолор тууралуу билдиришкен.

Ички иштер министринин орун басары Марат Кожаев кармалгандар «тыюу салынган КДТ экстремисттик уюмунун чакырыгы боюнча» (Казакстандын демократиялык тандоосу) каршылык акциясына чыгышканын билдирген.

Бул кыймылды чет өлкөдө жашаган оппозиционер Мухтар Аблязов жетектейт. Казакстанда аны өмүр бою эркинен ажыратуу боюнча өкүм чыккан.