Бир пост менен: Бишкекте ШКУнун саммитинин алдында кантип имараттарды баннер менен жаап жатышат?

Центр города, прикрываем результат не работы правительства клеенкой, прям как я в детстве перед приходом мамы, когда прикрывала одеялом все, что не успела убрать..

Posted by Rahat Mahmedova on Tuesday, June 11, 2019

Фейсбуктун колдонуучусу Рахат Махмедова 12-июнда кызматкерлер боёгу сыйрылып түшүп калган имаратты баннер менен жаап жатышканы тартылган сүрөт жарыялаган. Имарат Бишкектин борбордук көчөлөрүнүн биринде, тагыраагы Киев көчөсүндөгү «Бишкекпарктын» маңдайында жайгашкан.

Бул калааны Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитине даярдоонун шартында болууда. Мисалы, «Манас» аэропортунда оңдоп-түзөө иштери жүрүп, эмеректери алмаштырылган, ал эми шаардын борбордук көчөлөрүндө бутактарына гүл отургузулган чөйчөктөр илинген бак түрүндөгү темир инсталляциялар орнотулган.

ШКУнун саммити Бишкекте 13-16-июнда өтөт. Ага 12 өлкөнүн башчылары катышышат — саммиттин аянтчасында президенттер эл аралык кызматташтыкты жана уюмга мүчө өлкөлөрдүн аймактагы маселелери талкууланат.