УКМК Илмияновдун иши боюнча тергөөнү аяктады. Ал 150 миң $ мыйзамсыз алган деп айыпталууда

Икрамжан Илмиянов. Сүрөт: КСДПнын катчылыгы

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы 17-июнда билдиргендей, Алмазбек Атамбаевдин мурдагы айдоочусу жана кеңешчиси — Икрамжан Илмияновдун кылмыш иши боюнча тергөө аяктады. Ал «алдоо жолу менен» 150 миң долларды ыйгарып алууга шектелүүдө.

«Азыркы учурда, шектүү Илмиянов менен анын жактоочулары кылмыш ишинин материалдары менен таанышып жатышат», — деп айтылат УКМКнын катында.

Атамбаевдин мурдагы айдоочусу УКМКнын тергөө изоляторунда (ТИЗО) отурат.

Илмияновдун иши

Илмияновго каршы кылмыш иши 2018-жылы сентябрда козголгону менен Башкы прокуратура муну четке кагып келген.

Атайын кызмат Илмияновду Орусиядан Кыргызстанга 2018-жылдын октябрь айында алып келип, тергөө изоляторуна киргизген. Анда ал жети берене боюнча кылмышка шектелген: «Алдамчылык», «Пара алуу», «Кызматтык жасалмалоо» жана башкалар.

Кийинчерээк УКМК Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси эмне боюнча шектелип жаткандыгын түшүндүрүп берген. Тергөө Икрамжан Илмиянов 2017-жылы 8-августта президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун шайлоо алдындагы штабынын башчысынын орун басары болуп турган кезде «Дизель комплект» компаниясынан «демөөрчүлүк жардам» түрүндө жана «сыйакы» катары 150 миң доллар алган деп эсептейт.

Экс-президент Алмазбек Атамбаевди колдогон Кыргызстандын социал-демократиялык партиясы (КСДП) Илмияновдун кармалышын «шоу», ал эми тергөөнү «саясий мүнөздүү» деп атаган.

КСДП мындай билдирүүнү Атамбаев менен президент Сооронбай Жээнбековдун ортосундагы созулуп кеткен араздашуунун айынан таратууда. Жээнбеков өлкө башчысы болуп калгандан кийин бийлик Атамбаевдин чоң мансаптагы бардык үзөңгүлөштөрүн камакка алган.

Айдоочудан кеңешчиликке

Икрамжан Илмиянов өз карьерасын «Кыргызавтомаш» ишканасында айдоочу болуп баштаган. Ал учурда ишканага бизнесмен Алмазбек Атамбаев ээлик кылган.

Илмиянов 2009-жылга дейре Атамбаевдин жеке айдоочусу болуп, 2010-жылдагы революциядан кийин анын жардамчысы болуп калган. Ал эми 2011-жылы Атамбаев өлкө башчылык кызматка келгенден кийин Илмиянов президенттик аппараттын жетекчисинин орун бсарлык кызматына дайындалып, ал жакта 2015-жылга чейин, тагыраагы «Вечерний Бишкектин» имаратын рейдерлик менен басып алууга айыпталганга дейре иштеген.

ТЕМА БОЮНЧА: