Кыргызстандын УКМКсын Орозбек Опумбаев жетектеп калды

Орозбек Опумбаевди Улутттук коопсуздук боюнча мамкомитеттин башчылыгына дайындоо жөнүндө буйрукка 18-июнда президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон.

Ал өз начальниги Идрис Кадыркулов 15-майда отставкага кеткенден кийин УКМКнын төрагалык кызматын аткарып жаткан болчу.

Опумбаев УКМКда биринчи эле жылы иштеп жаткан жок. Ал 2008-жылы атайын кызматтын Ош шаары жана Ош облусу боюнча бөлүмүнүн жетекчиси болуп эмгектенген.

Ошондой эле Опумбаев Кыргызстанда бейөкмөт уюмдардын ишмердигин көзөмөлдөө тууралуу мыйзам долбоорун иштеп чыгуунун демилгечиси болгон.

Бул сунушту ал 8-мартка карата Бишкекте өткөн аялдардын тынчтык жүрүшүнөн кийин депутаттарга айткан. Анда ал Орусиянын бейөкмөт уюмдар тууралуу мыйзамын негиз катары алууну сунуштаган.