Түлеев Атамбаевге шайлоого 500 миң $ карыз бергенин айтып чыкты

Нариман Түлеев жана Алмазбек Атамбаев. Коллаж: RFE / RL

Мурдагы депутат жана Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеевдин кызы — Назгүл — атасынын депутаттык комиссияга жазган кайрылуу катын окуп берди.

Катта Түлеев Алмазбек Атамбаев 2011-жылдагы президенттик шайлоодо үгүт кампаниясын жүргүзүү үчүн 500 миң доллар карызга алганын билдирген.

«Шайлоодон кийин, Атамбаев жеңип чыккандан соң ага акча каражаттарын кайтарып берүүсүн суранып кайрылгам. Ошол күндөн баштап Атамбаевдин мага карата мамилеси 180 градуска өзгөргөн. [...] 2007-2008-жылдары ал мага карызга акча каражаттарын сурап кайрылып турган, мен ага бир нече жолу бул боюнча жардам бергем», — деп келтирет Түлеевдин катынан vb.kg басылмасы.

Ал басылмага Атамбаев ага карызга алган 500 миң долларды эки ортомчу аркылуу кайтарып бергенин айткан.

Өз катында Бишкектин мурдагы мэри Атамбаевдин командасы «аны коррупцияга каршы күрөштүн урааны менен тоногонун» да билдирген.

«Бийликти узурпациялоонун белгилери мени камакка алуудан башталган. Мунун бардыгы укук коргоо жана сот органдарынын ыйгарым укуктарын өзүнө ыйгарып алуу менен коштолгон. Кылмыш иштерине тиешеси жок адамдардын мүлктөрүн тартып алышкан», — деп айтылат Түлеевдин катында.

Ал депутаттык комиссиядан өз ишин алардын жумушуна кошууну суранган. Саясатчы комиссия менен кызматташууга даяр экенин билдирген.

Депутаттар комиссияны экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу жана аны жоопкерчиликке тартуу үчүн июндун ортосунда түзүшкөн.

Комиссия 17-июнда экс-президентти кылмыш кылууга барган жана Бишкек ЖЭБди жаңыртуу сыяктуу тергелип жаткан кылмыш иштерине тиешеси бар деп айтыптаган. Депутаттар өздөрүнүн Атамбаевге каршы коё турушкан айыптарынын акыркы тизмесин 18-июнда түштөн кийин ачыктаганы турушат.