Атамбаев Ысык-Көлдөн мыйзамсыз жер алган делип айыпталууда. Журналисттер ал жер тилкесин табышты

Сүрөт: «Кактус»

«Кактус» басылмасынын журналисттери экс-президент Алмазбек Атамбаев Ысык-Көл облусунун Чоң-Сары-Ой айылында үйгө жана жер тилкесине ээлик кылаарын тастыкташты. Басылма Мамлекеттик каттоо кызматынан көчүрмө алган.

Документке ылайык, жер 2018-жылы сатып алуу-сатуу келишими боюнча Атамбаевдин наамына катталган.

Депутаттык комиссия билдиргендей, экс-президент бул жер тилкесин «Фрунзе Резорт» компаниясынан алган. Жерди бул компанияга бийлик 2017-жылы туризм объектилерин куруу укугу менен 49 жылга берген.

Токтомго ылайык, жерди «Фрунзе Резорт» компаниясына өткөрүп берүү тууралуу документке мурдагы премьер-министр Сапар Исаков кол койгон — Атамбаевдин жакын үзөңгүлөшү.

Кол тийбестиктен ажыратуу боюнча депутаттык комиссия мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге каршы айыптоолорду бир нече иш боюнча койгон. Ошондой эле депутаттар Атамбаев Ысык-Көл облусундагы жерди мыйзамсыз алганын билдиришкен.

Депутаттардын койгон айыптары боюнча башкы прокуратура менен УКМК текшерүү жүргүзө башташты, ал эми парламенттин эки комитети Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу идеясын колдоп беришти. Депутаттык комиссия айып коюуну бүткүл парламент колдошу керек деп чечти, ошондуктан бул маселе жалпы жыйында каралмакчы.

Мунун баары Атамабаев менен анын мураскери Сооронбай Жээнбековдун ортосундагы созулуп кеткен араздашуунун шартында болууда.