Москвада массалык мушташта каза тапкан адам кыргызстандык болуп чыкты — КРдин Орусиядагы элчилиги

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги «Электрозаводская» метро бекетинин кире беришиндеги мушташтын курмандыгы кыргызстандык экенин «Азаттыкка» тастыктады. Учурда маркумдун сөөгүн мекенине жеткирүү маселелси чечилүүдө.

Дипөкүлчүлүктүн маалыматына ылайык, ал бычактан алган жаракатынан улам каза тапкан. Москванын полициясы «Адам өлтүрүү» беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.

Элчиликтен мушташ 19-июнда таңкы саат 5:30да жүз бергенин кошумчалашты. Жалпысынан мушташка 10го чукул адам катышып, үчөө жарадар болгон. Орус ЖМКларынын маалыматтарына ылайык, мушташка катышкан болушу ыктымал адамдар Борбор Азиянын атуулдары болушкан жана алар «Ысык-Көл» ресторанында эс алып жатышкан.