ШКУ учурунда милициянын формасындагы адам Бишкектеги кафеден балта уурдап кеткен — видео

«Кактус» басылмасы милициянын формасындагы адам кафеден балта уурдап жатканы тартылган видео жарыялады. Видеодо ал адамдын ШКУнун саммити учурунда мамрезиденциядан алыс эмес жерде постто турганы жана ал милициянын майору экени айтылат.

Тасмадан аталган адам балтаны алыш үчүн эки жагын карап, кафенин чарбалык бөлүгүнө кирип жатканын көрүүгө болот. Ал балтаны кителинин жеңине катып алган.

«Кактус» кафенин ээси милицияга кайрылып, чара көрүп, уурдалган балтаны кайтарып берүүнү суранганын жазган. Бирок ал жактан анын даттануусун этибарга албай коюшкан.

Калаа милициясынын басма сөз кызматынан «Клоопко» бул видео боюнча текшерүү башталганын айтышты.