АКШ элчилигинин кызматкери Бишкекте жөө жүргүнчүнү сүзүп алды

Окуя тууралуу маалыматты 22-июнда фейсбуктун «Кара тизме» тайпасында Нурайым Айткулова аттуу колдонуучу тараткан.

Анын маалыматына ылайык, жол кырсыгы 18-июнда Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин (Политех) жанында болгон.

«АКШнын элчилигинде иштеген АКШнын жараны сүзүп алган. Ал токтоп да койгон эмес, адамды сүзүп алганы аны кабатырланткан да эмес. Аны жол кырсыгынын күбөсү кууп жеткен», — деп жазган Айткулова.

АКШнын дипөкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан жол кырсыгы өздөрүнүн кызматкеринин катышуусу менен болгонун «Клоопко» тастыктап берди. Бирок элчилик айдоочу адамды сүзүп алгандан кийин окуя болгон жерден кетип калгандыгы тууралуу маалыматты четке какты.

Элчиликтин версиясы боюнча, «кызматкер автоунааны жолдун четине токтотуп, окуя болгон жерден бийликтин өкүлдөрүнө кызматташтык көрсөткөн».

«Элчиликтин өкүлдөрү Кыргызстандын бийлиги менен тыгыз байланышта жабырлануучунун амандыгын камсыздап, маселени чечүү үчүн жаш бала менен байланышышкан», — деп айтылат дипөкүлчүлүктүн басма сөз кызматынын жообунда.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыктан (ЖКККБ) «Клоопко» жөө жүргүнчүнү сүзүү фактысын тастыкташты. «Жөө кыядан өтүп бараткан 22 жаштагы жөө жүргүнчүнү 18-июнда “Манас” кинотеатрынын жанынан сүзүп кетишкен. Ал ооруканага кайрылган», — деп билдиришти ЖКККБдан.