Кызыл-Кыя: Шаардык архивдин башчысы укук коргоочуну сөктү — видео

23-июнда укук коргоочу Роза Маманова фейсбук баракчасында өзүнө карата кемсинткен сөздөр айтылган видеону жарыялады. Бир мүнөткө жакын созулган тасмада укук коргоочу менен шаардык архивдин башчысынын чыр-чатагы жазылган.

Маманова билдиргендей, окуя апрель айында Кызыл-Кыя шаарындагы каржы полициясынын имаратынын жанында болгон. Бирок видео июнь айында жарыяланган.

«Мени каржы полициясы чакырган. Болжол менен саат 11:00 чамасында мекемеге барсам, ал жерде Мамыт Болоев мени оозго алгыс сөздөр менен сөгүп салды», — деп билдирди «Клоопко» Маманова.

Анын айтымында, буга чейин ал Ботоевди Кызыл-Кыя шаарынын вице-мэри болуп турганда мамлекеттик жерди мыйзамсыз ыйгарып алганына айыптап келген. Сейил бак курулчу жерге азыр үйлөр салынып кеткен.

Видеодо Ботоев ага, «бул жалап мени тойгозду», «энеңди сигейин, жалап», «пидараз» деген сөздөр менен сөккөн. Ал эми Маманова болсо өз сөзүндө: «Чыныгы жүзүн мына көрдүңөр. Канчалык абийири жок, ыйманы жок» деп жооп берген.

Ботоев «Клооптун» журналистине курган маегинде мурда эле укук коргоочу менен чатакташып жүргөнүн тастыктады. Анын айтымында, Маманова аны каралап, коррупция боюнча айыптаган. Ал жада калса сотко кайрылып, сот Маманова андан кечирим сурашы керек деген токтом чыгарган дейт.

«Бул мени “беш аялы бар, жалап” деди. Өзүң жалап дедим. Анан эми эркек адаммын да, мен ошончо сөздү айта албаймбы?» — деп билдирди Ботоев.

Маманова Ботоевге каршы Кызыл-Кыя шаардык милициясына арыз жазган. Баткен облустук милициясынан «Клоопко» билдиришкендей, арыз 13-апрелде «Майда бейбаштык» беренеси боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине (КЖБР) катталган.

Мамыт Ботоев 2009-2011-жылдары Кызыл-Кыянын вице-мэри болуп эмгектенген. 2017-жылы мамархивдин жетекчиси болуп дайындалган.