Кыргызстандыктар социалдык тармактарда коррупцияга шектелип жаткан Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго каршы кампания жүргүзө башташты. Финполиция беш айдан ашуун убакыттан бери анын мүлкүн текшерүүдө, бирок азырынча текшерүүнүн жыйынтыктарын айта элек.
Ошондой эле финполиция финчалгындоо менен биргеликте «Азаттыктын» иликтөөсүндөгү маалыматтарды текшерүүдө. Ал иликтөөдө Кыргызстандан чыгарылып кеткен 700 млн долларга Матраимовдордун үй-бүлөсү тиешелүү болушу мүмкүн деп айтылган.
Текшерүүлөрдүн жыйынтыктары чыкканга чейин твиттерде кыргызстандыктар өз аватарларын Райымбек Матраимовдун сүрөтүнө алмаштыра башташты.
Меняйте свой аватар в знак солидарности с движением против клана коррупционеров - Матраимовых. #НовыйАватар pic.twitter.com/LldZIcBfJh
— beshbarmak (@urmat1) June 21, 2019
— Dinara (@DinaraOM) June 21, 2019
Кийинчерээк анын сүрөтүн «Уурда» слоганы менен кошумчалашкан.
Спасибо, Азамат! Думал как раз над этим и не мог подобрать короткое слово. Кажется так лучше, как собирательный образ стереотипного коррупционера. Ну вот: pic.twitter.com/4mRNMPvNhg
— Rus Tokochev (@Rutobo) June 21, 2019
Экс-депутат Ширин Айтматова Райымбек Матраимовго каршы чыкты.
Let the games begin! pic.twitter.com/Xe9HNat0QO
— Ширин (@SAitmatova) June 27, 2019
Айтматова Матраимовдун сүрөтү түшүрүлгөн футболкаларды басып чыгарууга даярданып жаткандыгын айтты. Ал буга чейин бир нече экземпляр басып чыгарган, бирок кийинчерээк футболкалардын сапатына канааттанбаганын билдирген.
Hello, Матры! ☄️ pic.twitter.com/icPNhOuUL8
— Ширин (@SAitmatova) June 30, 2019
Комментарийлерде кээ бир колдонуучулар футболкалардын баасы тууралуу сурашып, сатып алгылары келишээрин билдиришкен. Бирок Айтматова азырынча Матраимовдун сүрөтү түшүрүлгөн футболкалардын баасын кабарлай элек.
Ошондой эле твиттерде «Дело Матраимова» аттуу аккаунт түзүшкөн жана ага социалдык тармактын 6 миңден ашуун колдонуучусу жазылган. Аккаунттун автору маал-маалы менен тергөөнүн жүрүшү тууралуу жазып турат.
Расследование по делу Матраимова сегодня не завершилось.
— Дело Матраимова (@kg_million) June 17, 2019
Муну менен бирге графикалык дизайнер Руслан Токочев Райымбек Матраимовго байланыштуу эки слоган жарыялаган: «Раимеет нас» жана «Раим Матросит нас».
Ну а пока мы думаем pic.twitter.com/90UtQ4de6m
— Rus Tokochev (@Rutobo) June 17, 2019
Твиттердин кээ бир колдонуучулары өз аватаркаларынын ордун бул слогандарга алмаштырышкан.
Матраимовго байланыштуу карикатура акырындан твиттерден фейсбукка өткөн.
Когда Матраимов стал изображать из себя благотворителя, я подумала, нафига? Наворовал миллионами, ладно, в нашем...
Posted by Nazgul Flor on Saturday, June 29, 2019
Бонус:
https://twitter.com/SAitmatova/status/1145593954727018497