Бишкек: ЦУМдун жанында белгисиз адам чет өлкөлүк жаранды токмоктоп кетти

Бишкек шаардык ИИББнын басма сөз кызматы маалымдагандай, 2-июлда шаардын борборунда орун алган ЦУМдун алдында белгисиз адам Нигериянын жаранын токмоктоп салды. Жабырлануучу Республикалык улуттук госпиталдын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Улуттук госпиталдын директорунун орун басары Тилек Уразалиев «Кактус» басылмасынын журналистине билдиргендей, жабырлануучунун абалы 3-июлдун таңына карата «оор» деп бааланган.

Милиция ден соолукка оор залал келтирүү фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштү баштады — шектүү адам изделүүдө.

Социалдык тармактарда жабыр тарткан адам Бишкектеги Cambridge School тил мектебинин директору деп жазышууда. Милиция бул маалыматты тактап жатат.