«Сооронбай, от менен ойноп жатасың»: Атамбаев өткөргөн митингинде өкмөттүн отставкасын жана парламенттин таркатылышын талап кылды

Сүрөт: Рустам Халимов

Экс-президент Алмазбек Атамбаев 3-июлда «Медиа Форум» компаниясынын имаратынын жанына чогулган 500дөн ашуун демонстранттардын алдына чыгып, азыркы президент Сооронбай Жээнбековду тегерегин тазалоого чакырды.

«Бир кашык кан төгүлсө, эл бөлүнүп кетсе жоопкерчилик толук бойдон Сооронбай Жээнбековдун мойнунда болот. Мен эч нерседен коркпойм, болгону жаштарга тийбегиле. Сооронбай, от менен ойноп жатасың. Мунун баары абдан жаман бүткөнү турат. Ойлонгун, токтонгун, кур намыска алдырбагын, тегерегиңди тазалагын», — деди ал.

Атамбаев өкмөттүн отсавкасы менен парламенттин таркатылышын талап кылып, жаштарга жол бериш керек деп айтты.

«Мен Мухаммедкалый Абылгазиевди деле жакшы көрөм, бирок көрүп жатам да, Сооронбай экөөнүн колунан эч нерсе келбейт. Өкмөткө жаш жигиттерди алып барыш керек. Телефонду жакшылап кармаганды билбегендер санариптештирүү деп, тантырап сүйлөп, Кыргызстанды жаңы жолго салабыз деп жатат. Албетте ал мүмкүн эмес да», — деди ал.

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары учурдагы бийликке каршы митингге чыгышты

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары учурдагы бийликке каршы митингге чыгышты. Алар парламент Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратканына нааразы болушууда. Митингде мурдагы президент сөз сүйлөөрү күтүлүүдө.Митингди «Соке болбой калды» деп аташкан. Атамбаев буга чейин Сооронбай Жээнбековдун бийлигинин легитимдүүлүгүн тааныбай тургандыгын билдирген.

Posted by Kloop кыргызча on Wednesday, July 3, 2019

Мурдагы президент үчүнчү ирет парламентти «чимкирик» деп атап, кайрадан бийликтин ага кереги жоктугун билдирди.

«Роза Отунбаева Атамбаев парламенттин аброюн кетирип жатат деп макала жазыптыр. Ар бир адам өзүнүн аброюн өзү кетирет. Парламент деле, бирөөсү легендарлуу болуп, бирөөсү мына чимкирик болуп калды [...] Кээ бирөө Атамбаев бийликке барыш үчүн эл топтоп жатат деп. Мага эч кандай бийлик кереги жок», — деди ал.

Атамбаевден тышкары демонстранттардын алдына анын тарапташтары чыкты — депутат Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова жана башкалар.

Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу

Парламент Атамбаевди кол тийбестиктен ажыраткандан кийин мурдагы президент жана анын тарапташтары митинг уюштурушту.

Демонстранттар колдорунда «Эски “элита” кетсин!» жана «Соке эс алчы!» деген плакаттарды кармап чыгышты.

Митингди «Соке болбой калды» деп аташкан. Атамбаев буга чейин азыркы президент, мураскери Сооронбай Жээнбековдун бийлигин тааныбай тургандыгын айткан. Ошондой эле, мурдагы президент Жээнбеков «мыйзамсыздыктын, кара зөөкүрлүктүн ташын ыргытты» деп билдирген.

Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу Жээнбеков менен араздашуусунун жыйынтыгы болуп калды. Саясатчылардын ортосундагы чыр-чатак 2018-жылдын мартында башталган. Ал учурда Атамбаев саясатка кайтып жатканын расмий жарыялап, мураскерин коррупцияга каршы натыйжасыз күрөшүп жатат деп сынга алган.

Парламенттин чечиминен кийин Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндө адамдар чогулуп, мурдагы президентти коргоого даяр экендигин билдиришкен. Алар бүгүнкү күнү да резиденцияда болушууда. Атамбаевдин хан сарайынын алдына бетон тосмолору орнотулуп, үйдүн аймагына таштар төгүлгөн.