Кылычбек Султан кайрадан УКМКга суракка чакырылды

Кылычбек Султан Атамбаев менен Кой-Таш айылында

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Кыргызстандын Түштүк Кореядагы мурдагы элчиси Кылычбек Султанды 4-июлда кайрадан суракка чакырды. Ал мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге Кой-Таш айылындагы резиденциясына барып келгенден кийин суракка чакырыла баштаган.

Султан суракка күбө катары чакырылгандыгын айткан. Бирок сурак тууралуу ачыкка чыгарбоо тил катына кол коюп бергендиктен, кайсы кылмыш иши боюнча чакырылгандыгын айта албайт.

«Бул саясий иш деп айта алам. Коркутуу, оозду жабуу аракети. Суракка чакыруу кагазын Алмазбек Атамбаевди Кой-Таштагы үйүнө барып кабар алганымдан кийин алдым. Ал жакка позициямды билдирип, аны менен учурашууга бардым. Бизде жеке позиция жана пикирлер үчүн куугунтуктоолор болбошу керек», — деп билдирди ал.

«Супер-Инфо» гезитинин кызматкерлери УКМКнын алында митингге чыгышты. Султан гезиттин негиздөөчүсү жана мурдагы ээси.

2019-жылдын майында социалдык тармактарда Султан басылманы бажы төрагасынын орун басары Райымбек Матраимовго сатканын жазышкан, бирок экс-элчи муну төгүндөгөн.

Атамбаевдин тарапташтары 3-июлда Бишкекте учурдагы бийликке каршы митинг өткөрүшүп, өкмөттүн отставкасын жана парламенттин таркатылышын талап кылышкан.

Митингдин уюштурулушуна Атамбаевдин кол тийбестиктен жана экс-президент макамынан ажырашы себеп болгон. Атамбаев Сооронбай Жээнбековдун легитимдүүлүгүн тааныбай турганын билдирген. Бирок дал өзү Кыргызстандын президенттик кызматына Жээнбековдун талапкерлигин колдогон.