Сот Алексей Петрушевскийди үй камагына коё берди

Алексей Петрушевский. Сүрөт: Бектур Стамкулов RFE/RL

Петрушевскийдин адвокаты Диляром Низамова ал үй камагына которулгандыгы тууралуу «АКИпресс» басылмасына маалымдады.

«Биздин жактоого алган адамыбыздын ден соолугунун абалы ТИЗО-1де жайгашуусу үчүн начар экендиги тууралуу бардык маалым каттарды бердик. Бардык медициналык документтерди УКМКга жолдодук. Тергөөнүн өтүнмөсү боюнча Биринчи май райсоту жаза өтөө чарасын өзгөрттү», — деп айтты ал.

Буга чейин Алексей Петрушевский изолятордо отурган. Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун башчысы Нурдин Сулайманов билдиргендей, Петрушевский ыкчам медициналык жардамга муктаж.

Ошондой эле, аны үй камагына чыгаруу тууралуу акыйкатчы Токон Мамытов да өтүнгөн. Анын айтымында, Петрушевскийдин боорунун 3/1 бөлүгүн алып салышкан жана ал врачтардын үзгүлтүксүз көзөмөлүнө, атайын тамактануу жана эс алууга муктаж.

Петрушевскийди бошотууну апасы да өтүнгөн. Ал өз кайрылуусун президент Сооронбай Жээнбековго, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге жана ЖАМКтын башчысы Мелис Турганбаевге жолдогон. Ал уулу «сотко чейин жашашы» үчүн түрмөдөгү ооруканага которууну суранган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) кызматкерлери 6-июнда Алексей Петрушевский Балдарды реабилитациялоо борборун жетектеп турганда «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган» деген шек менен кармаган.

Ал кайсы бир аялга ата-эненин кароосу жок калган бала менен сүйлөшүүгө уруксат берген деп айыпталган. Аял баланы камкордукка алууну ниет кылып жатканда, баланын туугандары табылып калып, буга каршы чыгышкан.

8-июнда сот Петрушевскийдин жаза өтөө чарасын үй камагына өзгөрткөн, бирок бир нече аптадан кийин эле айыптоочу тарап бул чечимдин үстүнөн даттанып, Петрушевский кайрадан ТИЗОго киргизилген.