«Атамбаевге психиатриялык жардам керек окшойт». Парламенттин мурдагы спикерлери экс-президентке каршы пикирлерин билдиришти

Алмазбек Атамбаев президент кезиндеги парламенттин алдында сүйлөп жаткан кези

Парламенттин ар башка чакырылыштарындагы мурдагы спикерлери ачык билдирүү жасашып, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге каршы чыгышты. Билдирүүгө кол койгондордун арасында легендарлуу парламенттин спикери Медеткан Шеримкулов жана ошондой эле Зайнидин Курманов, Абдыганы Эркебаев жана Акматбек Келдибеков бар.

Коррупцияга каршы күрөшүү. Мурдагы спикерлердин айтымында, Сооронбай Жээнбековдун президенттиги учурунда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кылмыш аракеттеринин «чектен чыккан» фактылары аныкталган.

«Атамбаевдин куулу жана ойлонуп туруп иштелген элге каршы саясаты — тил алчаак президентти алып келип, кызматка баш ийген өкмөт башчысын коюп, (диванда жатып алып) башкаруу — бул иши ордунан чыкпай калды», — деп эсептешет экс-спикерлер.

Алардын ою боюнча, Атамбаевдин аракеттери «анын билимдүүлүгүнүн деңгээлин жана төмөн адамдык сапаттарын мүнөздөйт». «Кээде ага тез психиатриялык жардам керектей сезилет», — деп билдиришти мурдагы спикерлер.

Экс-спикерлердин айтымында, өлкөнүн көйгөйлөрү Атамбаевдин башкаруусу учурунда ырбап кеткен, ошондуктан бажыдагы, жолдорду куруудагы, гранттарды жана кредиттерди пайдалануудагы коррупциялык схемаларды териштириш керек.

Өлкөдөгү реформа. Мурдагы спикерлер аткаминерлерди аймактык принцип боюнча жалдабаш керек деп эсептешет. Алардын айтымында, өлкөдө административдик-аймактык түзмөктүн реформасы керектелет.

Ошондой эле мурдагы спикерлер билдиришкендей, бүткүл элдик референдумда кыргызстандыктарга президенттик же парламенттик башкаруу формасын тандоого укук берип, андан кийин конституциялык реформаны башташ керек.

«Чек ара маселелерин, мектептен баштап ЖОЖго чейинки билим берүү көйгөйлөрүн чечиш керек», — деп айтылат экс-спикерлердин билдирүүсүндө.

Учурдагы бийликти сынга алуу. Мурдагы спикерлер Атамбаевди эле эмес, учурдагы бийликти да сынга алышты. Алардын ою боюнча, азыркы парламент, өкмөт, укук коргоо органдары жана соттор «начар» иштеп жатышат.

«Прокуратура органдары, ИИМ, УКМК, каржы полициясы, сот кызматкерлери мыйзамсыз жана укукка каршы аракеттери үчүн тийиштүү жоопкерчилик тартышпайт», — деп билдиришти экс-спикерлер.

Билдирүүнүн аягында алар кыргызстандыктарга «каталарды бирдиктүү оңдоп, укуктук демократиялык коом курууну» сунушташты.

Парламенттин экс-спикерлери Атамбаев менен мураскери, президент Сооронбай Жээнбековдун ортосундагы араздашуунун шартында кайрылуу жасашты. Парламент Атамбаевди жоопкерчиликке тартуу үчүн аны артыкчылыктаран жана кол тийбестиктен ажыраткан.

Буга жооп кылып мурдагы президент Кой-Таш айылындагы резиденциясында Элдик штаб чогулткан. Ошондой эле Атамбаев өкмөттүн отставкасын жана парламенттин тарашын талап кылган. Анын тарапташтары талаптардын аткарылышы үчүн Жээнбековго эки ай убакыт беришип, эгер алар аткарылбаса митинг өткөрүү менен коркутушкан.