Баткен ОИИБ: Дайынсыз жоголуп кеткен кыргызстандык Тажикстанда тамеки аткезчилиги боюнча кармалганы аныкталды

Баткен районунун тургундары Тажикстандын атайын кызматы тарабынан кармалган 27 жаштагы кыргызстандыкты бошотууга жардам берүүнү суранышууда. Достук айылынын тургуну 5-июлда коңшу өлкөгө кеткен бойдон үйүнө кайтып келген эмес.

9-июлда Достук айылынын 100дөн ашуун тургуну облустук администрациянын имаратынын алдында чогулушкан. Алар Тажикстанда кармалган 27 жаштагы айылдашыны бошотууга жардам берүүнү өтүнүшкөн. Тургундарды өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров кабыл алган.

Облустук администрациянын басма сөз катчысы Чолпон Бердигулова аталган маселенин чоо-жайын тактоо боюнча Мадумаров тиешелүү кызматтарга тапшырма бергенин «Клоопко» билдирди.

Облустук милициянын басма сөз катчысы Дамира Юсупова «Клоопко» билдиргендей, кыргызстандык Тажикстанда контрабанда боюнча кармалган.

«Тажикстандын күч органдарынан кыргызстандык жана эки жергиликтүү тургун тамеки контрабандасы боюнча коңшу өлкөнүн Улуттук коопсуздук комитети тарабынан кармалганын билдиришти», — деди Юсупова.

Кармалган тургундун атасы Сулайман Мейлибаев «Спутник» басылмасына тамеки анын уулуна таандык эместигин айткан.

«Биздин коргон чек арага жакын жерде болгондуктан, чек арадан жүктү биздин коргон аркылуу өткөрүшөт. Жүккө уулумдун тиешеси жок», — деп түшүндүргөн Мейлибаев.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен кыргызстандыктын Тажикстанда кармалышы боюнча маалыматты «Клоопко» тастыктап беришти.

«Тажикстандагы элчилигибиз тажик тарап менен тиешелүү жолугушууларды өткөргөн. Биздин жарандын кармалганы чын, кылмыш иши козголуп тергөө жүрүп жатыптыр», — деп маалымдады министрликтин басма сөз кызматы.

Чек арага чектеш Достук айылынын 27-жаштагы тургуну 5-июлда түшкө маал Тажикстандын Исфара районуна Porter үлгүсүндөгү унаасы менен кеткен бойдон келген эмес. Ошол эле күнү кечке маал анын жакындары райондук милицияга арыз менен кайрылышкан. Райондук ички иштер башкармалыгы аталган фактты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде «Дайынсыз жоголуу» беренеси менен каттаган.