Байге фонду 26,5 млн $. Эки кыргыз киберспортчусу Dota 2 оюну боюнча эң чоң турнирге өттү

Dota 2 оюну боюнча Natus Vincere командасынын курамы. Blizzy менен Zayac ортосунда. Сүрөт: Natus Vincere / VK

Кыргызстандык киберспортчулар Бакыт W_Zayac Эмилжанов менен Евгений Blizzy Ри Dota 2 оюну боюнча эң чоң делген The International 2019 турнирине өттү. Материал жарык көрөөр алдында турнирдин байге фонду 26,5 млн долларды түзгөн, бирок ал дайыма өсүп турат. The International 2019 15-августтан 25-августка чейин Шанхайда өтөт.

Кыргызстандыктар Украинанын Natus Vincere уюмунун курамында ойношот. КМШ өлкөлөрү үчүн финалдык квалификациясында алар Орусиянын Winstrike командасын 3 — 0 эсебинде утуп, The International турниринде ойноого мүмкүнчүлүк алышкан.

Ри Natus Vincereинин курамында 2018-жылдын сентябрынан бери ойноп келет. Эмилжанов бул жамаатка 2019-жылдын апрелинде кошулган.

Natus Vincere командасы The International турнирин 2011-жылы уткан. Ошол маалда команда турнирди уткандыгы үчүн миллион доллар алган.