Нарын: Мал кырылып жаткандан улам тургундар Солтон-Сары алтын кенин жабууну талап кылышты

Сүрөт: "Азаттык" басылмасы

Нарын районунун 70ке чукул тургуну 15-июлда облустук администрациянын жанында митингге чыгышты. Жашоочулар бийликтен кытайлык Zhong Ji Mining компания иштеткен Солтон-Сары алтын кенин жабууну талап кылышты.

Нарын облусундагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын коргоо, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкери Чолпонбек Насирдинов «Клоопко» билдиргендей, митингге Эмгекчил, Миң-Булак жана Он-Арча айылдарынын тургундары чыгышкан. Алар алтын өндүрүүнүн айынан үй жаныбарлары кырылып жатканына даттанышкан.

«Буга чейин 29 майда жандык өлдү деп жатышат. Суудан жана чөптөн болуп жатканын айтышууда. Райондук ветеринардык инспекция өлгөн малдан мышьяк менен нитрат табылды деп чыгарыптыр. Учурда комиссия түзүлүп, малдын өлүмүн аныктоо үчүн жеринде үлгүлөр алынууда. Анын курамына тургундар да кирген», — деди Насирдинов.

Мамлекеттик ветеринардык коопсуздук боюнча инспекциянын басма сөз катчысы Рахат Садырбекова өлгөн майда малдан мышьяк менен нитрат табылганын «Клоопко» тастыктады. Экотехинспекция мал кантип ууланганын аныктап чыгышы керек.

«Бизге мал өлүп жатканы тууралуу маалымат 8-июлда түшкөн. Үй жаныбарлары мышьяк жана нитраттан ууланган деген алдын ала диагноз коюлду», — деп билдирди Садырбекова.

Нарын облусундагы өкмөттүн өкүлүнүн биринчи орун басары Азиз Касенов «Спутник» басылмасына курган маегинде, малдын өлүмү кен иштетүүгө байланыштуу болгону аныкталса, кытайлык компания чыгымдарды төлөп берүүгө даяр экенин айткан.

Буга чейин фейсбуктагы бир нече тайпада Солтон-Сары өрөөнүндө тартылган делген сүрөт жана видеолор жарыяланган. Публикациянын авторлору кыйтайлык компания дарыядагы сууну булгап салгандыктан мал кырылып жатканын жазышкан.

«Кыйталар чоң жардыруу кылышты. Балдар коркуп, малдар үркүп короого келишти. Мына ушинтип чаңдатып жардырышат. Ушул кызыл түтүн цианид. Бул жакта малчылар отурат, элди ойлогон эч ким жок», — деп айткан видеонун авторлорунун бири.

Бул жергиликтүүлөрдүн Солтон-Сарыдагы ишкананы жабуу туурасындагы биринчи эле жолу койгон талабы эмес. 2018-жылы майда Эмгекчил айылынын 100гө жакын тургуну алтын өндүрүүчү ишканага каршы чыккан. Алар да айрым чыгындылар дарыяга төгүлүп, эл жана мал ичкен сууну булгап жатканын айтышкан.

Zhong Ji Mining кытайлык компаниясы Солтон-Сарыда чалгындоо иштерин жүргүзүүгө жана алтын өндүрүүгө лицензияны 2012-жылы алган. Болжол менен андагы баалуу металлдын кору 20 тоннаны түзөт. Компания 160 жергиликтүүнү иш менен камсыз кылган.