Прокуратура транспорт министринин мурдагы орун басарын 20 жылга эркинен ажыратууну өтүндү

Азимкан Жусубалиев

Прокурорлор транспорт жана жолдор министринин мурдагы орун басары Азимкан Жусубалиев үчүн «Пара талап кылуу», «Пара алуу» жана «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» айыптары боюнча 20 жылга кесүүнү жана 500 миң айып пул салууну өтүндү.

Тергөө пара берүүдө ортомчу болгон деп эсептеген экинчи соттолуучу Болот Токтобаев үчүн мүлкүн конфискациялоо менен 4 жылга эркинен ажыратууну суранышты.

2018-жылдын декабрында Жусубалиев чет өлкөлүк компаниядан 50 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалган. Атайын кызматтын маалыматы боюнча, ага чейин аткаминер 120 миң доллар алган.

Тергөөнүн маалыматына ылайык, Жусубалиев чет өлкөлүк компанияга анын кызыкчылыктарын сүрөмөлөөгө, «Түндүк — Түштүк» альтернативдүү авто жолунун бир бөлүгүн куруу тендеринде жеңишти камсыздап берүүнү убадалаган.

Атайын кызмат Жусубалиев колдоо көрсөтүүсүн 520 миң долларга баалаганын аныктаган. Бул каражаттын бир бөлүгүн — 120 миң долларды аткаминер өзүнүн ортомчу туугандары аркылуу алган. Алардын баары кармалып, тергөө изоляторуна киргизилген.

«Түндүк — Түштүк» жолунун курулушу — Кыргызстандын эң кымбат транспорт долбоору. Транспорт министрлигинин баалоосу боюнча, курулуштун жалпы баасы 850 млн долларды түзөт.

Жаңы авто жол Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарын туташтырып, аймактар ортосундагы транзит убактысын кыскартууну шарттайт. Жолду 2020-жылга бүтүрүүнү жана акылуу кылууну пландашууда.