Парламент 2,3 млн сомго компьютерлерден «маалыматтардын чыгып кетүүсүнөн» коргогон жабдык сатып алат

Жогорку Кеңештин аппараты имараттын жертөлөсүндөгү бөлмөлөрдүн жеткиликтүүлүгүн башкаруу жана көзөмөлдөө системалары үчүн жабдууларды сатып алууга 2,3 млн сомго тендер жарыялады.

Башка керектүү болгон жабдуулардын арасында видео каттагычтар, видео камералар, мониторлор, датчиктер, электр механикалык кулпулар жана катуу дисктер бар.

Тендердин түшүндүрмөсүндө жаңы жабдуулар «мамкүзөт объектилери жана депутаттардын жеке компьютерлеринен маалыматтын чыгып кетүү мүмкүнчүлүгүн жоюу» үчүн керек деп айтылат. Парламент жертөлөлөрүн «ниети бузукулардын кирүүсүнөн» коргогусу келет.

«Буга чейин [маалыматтын] чыгып кетүүлөрү болгон эмес жана жертөлөлөргө эч ким кирип кеткен эмес. Бирок ал жакта бардык коммуникациялар жайгашкан — электр жарыгы, компьютердик хабдар, телефондук тармактар. Азыр булардын баары жөнөкөй ачкыч менен жабылат. Бирок учурда ал жерге чиптер менен гана кирүү мүмкүн болуусун каалап жатышат. Ошолор менен эле кайсы кызматкер качан киргенин аныктаса болот. Ошондой эле ал жерге видео көзөмөлдөө да керектелет», — деп түшүндүрдү парламенттин басма сөз катчысы Жаңыл Сулайманова.