Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстанга кайтып келди. Ал учуп келген самолёт Кант авиабазасына 19:00 чамасында конду.
Авиабазанын алдында аны журналисттер менен тарапташтары тосуп алышты. Атамбаев чогулгандардын алдында сүйлөп жатып Орусияга баруудан баш тарта алмак эместигин, анткени бул тууралуу андан «анын досу Владимир Путин бир нече жолу суранганын» билдирди.
«[...] Ал [Владимир Путин] президент эле эмес, ал менин досум, жакын адамым. Атайын килейген самолёт жөнөтүп жатса, “келип кет” деп эки-үч жолу суранса, анан мен оптонуп барбай койсом уят болмок. Ошондуктан барып келдим. Ал киши кайгырып жатат “Кыргызстан эмне болот? Үчүнчү революция болуп кетеби?” деп. Анын билдирүүсүн укпадыкпы. Мен ал кишиге революцияны дайыма бийлик даярдайт, бийлик жасайт деп айттым. Эл айла жоктон көтөрүлөт», — деп айтты Атамбаев.
Ошондой эле мурдагы президент өзүнүн сапарын 2017-жылы Өмүрбек Бабанов Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевге барып келгени менен салыштырууга комментарий берип өттү. Бабанов ал убакта Кыргызстандын президентине талапкер жана Сооронбай Жээнбековдун башкы атаандашы болчу.
«Ошол учурда президенттик шайлоо болчу, азыр эч кандай шайлоо жок. Батаны чет жактагы бирөөдөн эмес, элден сураш керек. Мен билем, ал [Бабанов] моралдык колдоону гана күткөн эмес», — деп келтирет Атамбаевдин айткандарын Kaktus Media.
Мурдараак анын тарапташтары Атамбаев менен Орусиянын президентинин жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча билдирүү таратышкан. Анда Атамбаев менен Путин Кыргызстан саясий туруктуулукка муктаж болгонун талкуулашкан деп айтылган.
Атамбаев менен жолугушуудан кийин Владимир Путин кыргызстандыктар саясий туруктуулук үчүн учурдагы лидер Сооронбай Жээнбековдун айланасына биригиши керек деп билдирген.
Атамбаев Москвага 24-июлда ИИМдин суракка чакырууларына үч жолу барбай койгондон кийин учуп кеткен. Парламент аны экс-президент макамынан жана кол тийбестиктен ажыраткандан кийин ага суракка чакыруу кагаздары келе баштаган.
Мунун баары Атамбаев менен учурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун ортосундагы араздашуунун шартында болуп жатат. Алардын жаңжалы 2018-жылы жазында — Жээнбеков мурдагы президенттин коррупцияга каршы кампаниясынын жыйынтыктарына шектенгенине Атамбаев нааразы болгондуктан башталган.
ТЕМА БОЮНЧА:
- Атамбаев КСДПдагы тарапташтары менен чогуу атайын борт менен Москвага учуп кетти
- Путин менен Атамбаевдин жолугушуусу: Орусиянын башчысы кыргызстандыктарды Жээнбековдун айланасына биригүүгө чакырды
- Атамбаев: «Тарапташтарым шайлоого тынч даярдана алышы үчүн Путин Жээнбеков менен сүйлөшүүгө ниеттенүүдө»