«Эки достун ортосуна интрига жаратып» — Атамбаевдин уулу атасы менен азыркы президенттин ортосундагы араздашуунун себептери тууралуу

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сейтек Атамбаев инстаграм барагында өзүнүн атасы менен болгон мамилеси, андан тышкары, атасынын президент Сооронбай Жээнбеков менен араздашуусунун себептери тууралуу жазып чыкты.

Сейтек Атамбаевдин айтымында, ал атасына мурда эле жетишкендиктерин айланасындагылар жокко чыгарып коюп жатышат деп айткан.

«Сиздин шоопуруңуз, жансакчыңыз, башкаларыңыз сиз мамлекетибизге жасаган жакшы иштерге көлөкө түшүрүп жатат!» — деп жазды Сейтек Атамбаев. Шоопур деп ал Атамбаевдин мурдагы айдоочусу жана кеңешчиси Икрамжан Илмияновду айтып жатышы мүмкүн.

Ар кайсы убакта Атамбаевдин жансакчысы болуп аз эле дегенде үч киши иштеген. Мисалы, финполдун мурдагы башчысы Болот Сүйүмбаев — ал Атамбаев өлкө башчысы болуп турганда УКМКнын төрагасынын орун басарлык кызматында да иштегенге жетишкен. УКМКнын төрагасынын дагы бир мурдагы орун басары Дамир Мусакеев да Атамбаевдин жансакчысы болгон. Ошондой эле, 2005-жылы Атамбаев президент боло электе анын жансакчысы Эркин Мамбеталиев болгон — аны кримтөбөл Рыспек Акматбаев менен байланыштырышкан.

Сейтек Атамбаевдин айтымында, мурдагы эки достун араздашуусуна да атасынын айланасындагылар күнөөлүү.

«Керек болсо эки достун ортосуна интрига жаратып, азыркы абалга алып келгендер да ушулар!» — деп жазды ал.

Алмазбек Атамбаев Сооронбай Жээнбековду досу деп эсептеп жүрөөрүн бир нече жолу белгилеп өткөн. Ал президент болуп турганда шайлоодо президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановду катуу сынга алып, өз кишиси катары Жээнбековду колдогон.

Мурдагы жана азыркы президенттердин ортосундагы мамиле Жээнбеков өлкө башчылык кызматка киришкенден кийин жарым жылдын ичинде бузулган. Натыйжада бул өлкөнүн эң таасирлүү партиясынын ыдырашына жана Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен жана экс-президент макамынан ажырашына алып келген.