Сот транспорт министринин экс-орун басары Жусубалиевди опузалап пара алуу боюнча 14 жылга кести

Бишкектин Биринчи май райондук соту транспорт министринин мурдагы орун басары Азимкан Жусубалиевге карата 30-июль күнү кечинде өкүм чыгарды. Ал коррупция боюнча күнөөлүү деп табылып, 14 жылга эркинен ажыратуу чечими чыгарылды. Мамайыптоо Жусубалиевди 20 жылга эркинен ажыратууну суранган.

Экинчи айыпталуучу Болот Токтобаевге карата алты жылга эркинен ажыратуу өкүмү чыгарылып, тергөө аны параны өткөрүп берүүдө ортомчу болгон деп атады. Ал эми үчүнчү айыпталуучу Бехруз Гулзуров 2 млн сомго айыпка жыгылып, эркинен ажыратуу түрүндөгү жаза өтөө чарасынан бошотулду.

Жусубалиевдин коргоочу тарабы сот чечиминин үстүнөн даттанмай болду, анын адвокаттары коргоп жаткан адамын бошотуу керектигин айтышкан.

Жусубалиевди кармоо

Жусубалиев 2018-жылы декабрда чет элдик компаниядан 50 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалган. Атайын кызматтын маалыматына ылайык, буга чейин аткаминер 120 миң доллар алып койгон.

Тергөөнүн маалыматына ылайык, Жусубалиев чет элдик компанияга алардын кызыкчылыктарын сүрөмөлөп, «Түндүк — Түштүк» альтернативалуу жолунун курулушу боюнча тендерде жеңишти камсыздап берүүнү убада кылган.

Атайын кызмат Жусубалиев колдоо көрсөтүүнү 520 миң долларга баалаганын аныктаган. Тергөөнүн версиясы боюнча, бул акчанын бир бөлүгүн, тагыраагы 120 миң долларды министрдин мурдагы орун басары өзүнүн ортомчу туугандары аркылуу алып койгон. Алардын баары кармалып, тергөө изоляторуна киргизилген болчу.

«Түндүк — Түштүк» автожолунун курулушу — Кыргызстандын эң кымбат транспорттук долбоору. Транспорт министрлигинин баасы боюнча, курулуштун жалпы өлчөмү 850 млн долларды түзөт.

Жаңы жол Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарын байланыштырып, региондор ортосундагы транзиттин убактысын кыскартат. Жолду 2020-жылы бүтүрүү пландалууда.