Ысык-Көл: Тогуз жаштагы бала мечитте сүннөткө отургузулгандан кийин ооруканага жеткирилди

Иллюстративдик сүрөт / RFE / RL

9 жаштагы баланы сүннөткө отургузуу процедурасы 25-июлда Жети-Өгүз районунун Аң-Өстөн айылындагы мечитте жасалган. Эртеси күнү ата-энеси уулун жергиликтүү ооруканага алып келишкен. Анда кан токтобой, гематома бар экени аныкталган.

Райондук оорукананын башкы дарыгери Канат Жумадылов «Клоопко» билдиргендей, балага жардам көрсөтүлүп, кан токтотулгандан кийин ал үйүнө коё берилген.

«Мечитте антисептикалык чөйрө жок да. Процедура кандай жасалат ким билет. Бул процедурага бир нече киши катышат, биздин инструменттер стерилдүү дагы. Молдолор илгери сүннөктө отургузчу, бирок аларга тыюу салышкан. Анткени кандан ар кандай жугуштуу оорулар жугушу мүмкүн. Гепатит ушундай учурда аябай көп жугат», — деп түшүндүрдү Жумадылов.

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын (КМДБ) басма сөз кызматынан жалпысынан Аң-Өстөн айылынын мечитинде алты бала сүннөткө отургузулганын «Клоопко» кабарлашты. Бирок операциядан кийин алардын бирөөсүндө гана кабылдоо байкалган.

КМДБдан процедураны райондун мурдагы имамы Каныбек Кожокуловдун чакыруусу менен уролог жасаганын кошумчалашты.

«Буга чейин мечитте уролог сүннөткө отургузат деген жарыя берилген экен. Учурда райондун башкы имамына эскертүү берилди. Мындан ары район боюнча мечиттерде сүннөткө отургузууга тыюу салынды», — деп айтышты муфтияттан.

Кыргызстанда мечиттерде сүннөткө отургузууга тыюу салынган. Ата-энелер балдарына хирургиялык процедура жасатуу үчүн ооруканаларга алып барышы шарт.