Бакиев тууралуу телеканалдардан көрсөтүлгөн тасманы кыскача баяндайбыз

Курманбек Бакиев

1-августта «Компромат КГ» YouTube каналында Кыргызстандын кулатылган президенти Курманбек Бакиевдин жашоосу тууралуу даректүү тасманын 1-бөлүгү жарыяланган. Анын 70 жылдыгына арналган тасманы мурдагы президенттин классташтары тартышкан. «Клооп» тасманы кыскача баяндап берет.

Бакиев үй-бүлөсү менен 10 жылдан бери Минскте жашап келет, анткени 2010-жылдын апрелинде ал Кыргызстандан чыгып кетүүгө мажбур болгон. Бакиевдин ата-мекенин таштап кеткен оор тагдырына катардагы жөнөкөй адам чыдай алмак эмес. Бирок ал дагы деле сынбай, Ала-Тоосун, кыргыз элин сагынуу менен кудайдан тынчтык тилеп жашап келе жатат. Бул жылдары Бакиев кай жерден кемчилик кетиргенин ойлоп жүрдү. Жыйынтыгында анын «Менин оорум, сүйүүм жана үмүтүм — Кыргызстан» деген китеби жарык көрүп, ал айрыкча Орусияда жүргөн миңдеген мигранттардын арасында популярдуу болуп кетти. ЖМКлардын таасиринен улам коомчулуктун Бакиевге карата мамилеси тескери эле, бирок акыркы эки жылда анын тарапташтары көбөйө баштады. Саясат өзгөрөт, кырдаал өзгөрөт. Саясатта кечээки достор бүгүн душман болуп калышы мүмкүн жана тескерисинче — бүгүнкү саясий каршылаштар эртең бир пикирдеги тилектештер болуп калышы мүмкүн. Эл арасында Бакиев мамлекеттик деңгээлдеги накта башкаруучу болгон — ал Кыргызстанды жакшы жакка өнүктүрө алат беле деген сөздөр көбүрөөк айтыла баштады.

Бакиев Жалал-Абад облусундагы Сузак районундагы мектепти бүтүрүптүр. Ушул эле жерде ага арналган музей бар. Бул музейди Бакиевдин классташтары өз акчасына уюштурушкан. 2010-жылдагы төңкөрүштөн кийин бийликтен музейди жок кылуу буйругу берилген, бирок Бакиевдин классташтары буга жол беришкен эмес. Кийинки муун Бакиевди эстеп жүрүшү керек. Ал өзү кичинекей кезинде кыштакта кандай жашаганын, чоң энесинин үйүндө жашаганын, балык кармаганын, ага кыздар сүйөм деп сезимдерин билдиришкендерин айтып берди. Ал ошондо абдан уялчаак болгонун айтат.

2010-жылдын апрелинде Бакиев Кыргызстандын президентинин кызматынан кулатылган жана ал үй-бүлөсү менен Беларуска качууга аргасыз болгон. Кийинчерээк Беларустун президенти Александр Лукашенко өлкөсүнөн Бакиевге баш калка берген. Кыргызстандын Жогорку соту 2010-жылдын 7-апрелинде күч түзүмдөрү Бакиевдин буйругу менен митингчилерди атканы үчүн аны 30 жылга сырттан кескен. Ошондогу ок атышуудан 80ден ашуун адам каза тапкан.