УКМК: Дизайнер Тарасенко «мусулмандардын диний сезимдерин мазактаган»

УКМКнын басма сөз кызматы дизайнер Никита Тарасенко «мусулмандардын сезимдерин мазактаган» фейсбуктагы «бир катар» постторунун айынан суракка чакырылганын билдирди.

Бирок атайын кызматтан Тарасенконун так кесе кайсы посттору аны суракка чакырууга негиз болгонун айтышкан жок. Дизайнер өзү фейсбук барагында диний темаларды «козгогонун» ырастап, бирок «эч кимди мазактабагынын» «Клоопко» айтты.

Ал мындан башка комментарий берүүдөн баш тартты.

Тарасенко фейсбук барагында таасирлүү кыргыз саясатчылар чагылдырылган коллажды жарыялагандан кийин УКМКга сурактарга чакырыла баштаган.

«Оштогу уюшкан кылмыштуу топ» деген аталыштагы коллажда президент Сооронбай Жээнбеков, анын иниси жана парламенттин депутаты Асылбек Жээнбеков, ошондой эле Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов чагылдырылган.