Кыргыз ТИМи Лукашенко менен Бакиевдин жолугушуусунун айынан Беларустун КРдеги элчилигине нааразылык нотасын тапшырды

Лукашенко менен Бакиевдин 6-августтагы жолугушуусу. Сүрөт: Беларустун президентинин басма сөз кызматы

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 7-июлда Беларустун президенти Александр Лукашенко Курманбек Бакиев менен жолукканы үчүн Беларус элчилигинин өкүлү Сергей Ивановго нааразылык нотасын тапшырды.

«Кыргыз тарап аталган жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символикасы колдонулганын жана кыргыз-беларус достугунун эскерилишин таптакыр жол берилгис, өз кезегинде бул эки мамлекеттин ортосундагы кызматташтык менен достуктун принциптерине жооп бербейт деп эсептейт», — деп айтылат ТИМдин маалыматында.

Кыргыз тарап өлкөдө соттолгон мурдагы президент Бакиев менен «эл алдындагы расмий байланыштын уланып жаткандыгы» үчүн Ивановго нааразылыгын билдирди.

Беларустун президенти Александр Лукашенко 6-августта «досу жана кесиптеши», Кыргызстандын качкын президенти Курманбек Бакиевди 70 жылдык мааракеси менен куттуктаган.

«Биз бардыгыбыз туулган күнүңө келебиз. Бизге кыргыз палоосун басып бере аласыңбы? Палоо сенден, вино бизден!» — деп кайрылды Лукашенко Бакиевге.

Ошондой эле Беларустун президенти Бакиевге сүрөт, офицердик канжар жана кучак толо гүл тартуулады. Куттуктоо бөлүгү аяктагандан кийин Лукашенко Бакиев менен «актуалдуу маселелерди» талкуулады.

Курманбек Бакиев 2005-2010-жылдары Кыргызстандын президенти болгон. Ал апрель окуясы учурунда бийликтен кулатылып, андан кийин үй-бүлөсү менен Кыргызстандан чыгып кетип, Беларустун Минск шаарында жашай баштаган. Кыргызстанда ал сыртынан 30 жылга эрикнен ажыратылып, адам өлтүрүү, коррупция жана башкалардын мүлкүн рейдерлик менен басып алуу сыяктуу өзгөчө оор кылмыштарды кылган деп күнөөлүү табылган.