Күндүн сүрөтү: Бабанов Кыргызстанга кайтып келди

Өмүрбек Бабанов аэропортто тарапкерлери менен учурашууда

Президенттикке мурдагы талапкер Өмүрбек Бабанов 9-августта Бишкектин «Манас» аэропортуна келип конду. Аны аэропорттон 200гө чукул тарапкери тосуп алды.

«Кайтып келгениме кубанычтамын. Колдооңор үчүн баарыңарга ыраазымын», — деди Бабанов тарапкерлерине.

8-августта УКМК Бабанов Кыргызстанга кайтып келе турган болсо кармалаарын билдирген. Ал эки кылмыш иш боюнча айыпталуучу катары өтүүдө — «улуттар аралык кастыкты козутуу» жана «бийликти күч менен басып алууга жана массалык башаламандыктарды даярдоо» айыптары боюнча. Бирок экинчи иш азырынча токтотулуп турат.

Мурдараак, 2019-апрелде Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга кайтып келе турганын кабарлаган. Ал кайтып келем деп жаткан күнү учак билетинин сүрөтүн жарыялаган. Бабановдун тарапташтары аны аэропорттон тосуп алууга камданышкан, бирок ал сапарын кайра токтотуп койгон.

Бабанов 2017-жылдагы президенттик шайлоодо бийликчил талапкер Сооронбай Жээнбековдун башкы атаандашы болгон. Шайлоодо Жээнбековдон утулган соң саясатчы Кыргызстандан чыгып кеткен. Кийинчерээк анын үстүнөн кылмыш иши козголгон.