Чүй ОИИБнин башчысы Курманкулов дагы деле комада

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан «Клоопко» билдиришкендей, Чүй ОИИБнин 47 жаштагы жетекчиси Самат Курманкулов дагы деле оор абалда. Ал комада жана өпкөсү жасалма вентиляциялоо аппаратына туташтырылган. Бул себептүү аны башка клиникаларга жеткирүүгө же чет өлкөгө дарыланууга жөнөтүүгө болбойт.

Курманкуловду чет өлкөдө даарылоо демилгесин ИИМдин басма сөз катчысы Карима Аманкулова сунуштаган. Кийинчерээк ал өзү жана министрликтен да аталган пикир Аманкуловдун кесиптешинин жеке өзүнө таандык экенин билдиришкен.

Курманкулов 7-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча уюштурулуган милициянын штурмунда башына жаракат алган. Ал чукул ооруканага жеткирилип дарыгерлер анын баш сөөгүнө операция жасашкан.

Атамбаевдин үйүн штурмга алууда УКМКнын 47 жаштагы кызматкери каза тапкан, анын артында алты баласы калган. Аталган окуяда жалпысынан 98 адам ар кандай оор даражадагы жаракаттарды алышкан.