Чүй ОИИБнин башчысы дарыланууга Москвага алынып кетти — ал дагы деле комада

Самат Курманкулов

Комада жаткан Чүй ОИИБнин башчысы Самат Курманкуловду Москвага дарыланууга алып кетишти. Бул тууралуу Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө институтунун директору Сабырбек Жумабеков «Азаттыкка» билдирди.

Анын айтымында москвалык врачтар Курманкуловду комадан чыгаруу үчүн аракет көрүшөт.

11-августта консилиум Курманкуловду Москванын Нейрохирургиялык борборуна которууну чечкен. Курманкуловго хирургиялык кийлигишүүнүн керексиздиги айтылып, бирок тынымсыз терапияны улантуу керектиги кабарланган.

Курманкулов 7-августта тарта комада жатат — мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча уюштурулуган штурм учурунда башынан жаракат алган. Ал чукул ооруканага жеткирилип, дарыгерлер баш сөөгүнө операция жасашкан. Анын башына трепанация жасалып, өпкөсүнө жасалма дем алдыруучу аппарат туташтрылган.

Курманкуловдон тышкары штурм учурунда 14 жабыр тартып ооруканага түшкөн, ал ал башкаларга караганда кыйла оор абалда болгон.

Ошондой эле штурм учурунда УКМКнын Атайын бөлүктөгү кызматынын командири Үсөнбек Ниязбеков каза тапкан. Анын артында алты баласы атасыз калган.