«Камакка алышабы же жокпу билбейм». УКМКнын мурдагы башчысы сурак берип чыкты

Абдил Сегизбаев. Сүрөт: «АКИпресс»

УКМКнын экс-башчысы Абдил Сегизбаев 13-августта ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгында өткөн сурактан чыкты. Сегизбаев 7-августта штурм учурунда Атамбаевдин резиденциясында болгон. Ал санынан жараат алып, ооруканага жеткирилген.

Милиция аны мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоого байланыштуу окуялар боюнча күбө катары суракка чакырууда.

«Камакка алышабы же жокпу билбейм, аны тергөө чечет. Менден “Эмне үчүн 7-августта ошол жерде пайда болуп калдыңыз?” деп сурап жатышат. Анткени бул менин жарандык позициям экендиги үчүн пайда болуп калдым. Мен Атамбаев менен иштегем, мен ал кишини билем. Адам катары ошол жерде болушум керек болчу», — деди Сегизбаев ИИМге суракка кирээрдин алдында.

УКМКнын башчысы Орозбек Опумбаев 13-августта өткөн басма сөз жыйында штурм учурунда Сегизбаевди күч кызматкерлери аткан эмес, өзү кулап кеткен деп билдирген. Ал эми Сегизбаев экспертизадан өтүүгө даярмын деп жооп кайтарган.

«Мен өзүм Кой-Ташта жашайм. Ок атуу башталып, үн чыгаруучу гранаталар жарыла баштаганда эл менен кошо Атамбаевдин резиденциясына барганбыз. Барсак балдарга ок атылып жатыптыр. Мен спецназдарга кайрылып, «атпагыла» деп эки-үч жолу кыйкарганда эле бир-эки үн чыгаруучу граната жарылды. Ошол учурда ок атылып бут жакка тийип, жаракат алдым. Мени тез жардамдын машинасына салып алып кетишти», — деп кошумчалады УКМКнын мурдагы төрагасы.

УКМКнын мурдагы башчысы маектешүүнүн чоо-жайын ачыкка чыгарбоо тууралуу тил катка кол коюп, сурактан саат 17:00гө чукул чыккан. Күч органдары Атамбаевдин туугандарын жана башка тарапкерлерин сурактарга чакырууда.

Атамбаевдин үйүн штурмга алуу

Атамбаев эки күндүк каршылык көрсөтүүдөн кийин 8-августта бийликтин колуна түшүп берген. Бийликтин маалыматына ылайык, Атамбаевдин үйүн штурмга алуу учурунда 170 адам жабыркаган, алардын ичинен 79у — укук коргоо органдарынын кызматкерлери.

Жүрөгүнө ок тийип «Альфа» атайын отрядынын командиринин орун басары Үсөнбек Ниязбеков каза тапкан, ал эми Чүй ОИИБинин башчысы Самат Курманкулов башынан жаракат алгандыктан улам дагы деле комадан чыга албай жатат.

Бийлик Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу тууралуу иш боюнча суракка үч жолу келбей койгондон кийин үйүн штурмга алууну чечкен. Атамбаев парламент аны кол тийбестиктен жана экс-президент деген макамынан ажыраткандан кийин суракка чакырыла баштаган.