Курсан Асанов кызмат абалынан кыянат пайдаланууга шектелип жатат — Башкы прокуратура

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов Аскер прокуратурасына суракка чакырылды — ал «Кызмат абалынан кыянат пайдаланган» делип шектелүүдө. Бул тууралуу «Клоопко» Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Учурда Курсан Асанов Аскер прокуратурасында сурак берүүдө.

«Асанов ички иштер министринин буйруктары менен талаптарын бир нече жолу этибарга албай койгон, министр менен макулдашпастан өз алдынча чечим чыгарган, ички иштер органдарынын жеке курамын башкаруусуз кооптуу кырдаалга таштаган, иш боюнча маанилүү далилдер менен документтерди тергөө органдарынан жашырган», — деп айтылат башкы көзөмөл органынын билдирүүсүндө.

Асановду ИИМдин башчысы Кашкар Жунушалиевдин сунуштамасы боюнча «кыргыз милициясынын кызыкчылыгын саткандыгы» үчүн 13-августта ички иштер министринин орун басарлык кызматынан бошотушкан. Министрликтен билдиришкендей, Асанов Атамбаев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү учурунда «өзүн-өзү пиарлаган».

ИИМдин версиясы боюнча, Атамбаев менен сүйлөшүүлөрдүн негизгисин дал ошол Кашкар Жунушалиев жүргүзгөн, ал эми Асанов болсо өзүнө ишенип берилген жерди таштап, тараптар макулдашышкандан кийин Атамбаевди чыгарып кеткен.

Ошондой эле Асановду Атамбаевдин үйүнөн курал-жарактарды бардык процераларды бузуу менен алган жана тергөө аракеттерин камерага тарткан деп айыпташууда.

Асанов өзү ИИМ коюп жаткан айыптарга макул эместигин айтып чыккан. Ал жеке кызыкчылыгын мамлекеттикинен жогору койбогонун жана милдетин аткарганын айткан.