«Кербен» аэропорту оңдолду, ал 15 жыл иштебей турган

Оңдолгон "Кербен" аэропорту. Сүрөт: Өкмөттүн басма сөз кызматы

Бийлик Жалал-Абад облусунун Кербен шаарындагы аэропортту 10 млн сомго оңдоду.

«Аэропорттун учуп-конуу тилкеси жана авиабекети оңдоодон өткөрүлдү. Аба каттамы Жарандык авиация агенттиги авиакомпанияны аныктагандан кийин жанданат», — деп билдирди «Манас» аэропортунун басма сөз катчысы Алия Курбанова.

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев оңдолгон аэропртту 15-августта зыярат кылды. Ал анын ишинин жанданышы өлкөдөгү туризмдин өнүгүшүнө алып келет деген пикирде.

«Учурда биздин жарандарыбыз барчу жерине учак менен жетүүнү артык көрөт. Анткени алар тез жана ыңгайлуу шартта жетет», – деди Абылгазиев.

Аэропорт кызматынан Аксы, Ала-Бука, Чаткал райондорунун калкы, Таш-Көмүр жана Өзбекстандын Наманган шаарларынын тургундары да пайдаланары күтүлүүдө.

«Кербен» аба майданы 1979-жылы курулган. Анда Кербен — Ош жана Кербен — Бишкек каттамдары иштеген. 2004-жылы жүргүнчүлөрдүн жоктугунан аэропорт жабылууга аргасыз болгон.