УКМК массалык башаламандыктар тууралуу кабардын авторун тапты

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) 25-августтан 13-сентябрга чейин Кыргызстанда өтө турчу массалык башаламандыктар тууралуу билдирүүлөрдү социалдык тармактарда жана мессенжерлерде тараткан кыргызстандыкты тапты.

«Такталган маалымат боюнча, ал ар кандай ушактарга ишенип, аудио кайрылуу жаздырып, өзүнүн жакын туугандарына эскертүү иретинде жиберген билдирүүсү социалдык тармактарга тез тарап кеткен», — деп айтылат УКМКнын маалыматында.

Мамкомитеттин маалыматы боюнча, аял өзүнүн жасаган иш-аракеттерине өкүнүп, туура эмес иш кылганын мойнуна алып, коомчулукту адаштырганы үчүн өлкө жашоочуларынан кечирим сураган.

УКМКнын кызматкерлери аны менен профилактикалык маек өткөрүшкөн.