Турдукулов Кой-Таштагы окуяларга байланыштуу суракка чакырылды

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапкери жана КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Адил Турдукулов ИИМге суракка күбө катары чакырылды. Турдукулов өзү сурак 23-августта саат 17:00гө белгиленгенин кабарлады.

«[Тергөө башкармалыгына] мени Кой-Таштагы окуяларга байланыштуу чакырышты. Алар жалпылап айтышты, мен да жалпы сурашат деп ойлоп жатам», — деди Турдукулов «Клоопко».

Турдукулов 8-августта Кой-Ташта болгон — ошол күнү күч кызматкерлери Атамбаевдин үйүн экинчи жолу штурмга алышып, аны колго түшүрүү үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн. Мурдагы президент бир нече сааттан кийин колго түшүп берип, УКМКга жеткирилген.

Буга чейин укук коргоо органдары Атамбаевдин активдүү тарапташтарын суракка алып, кээ бирөөлөрү сурактан кийин кармалган.

Мурдагы президенттин кеңешчиси Фарид Ниязов адамдарды барымтага алуу тууралуу иш боюнча октябрга чейин камакта болот. Ушул эле иш боюнча парламенттин депутаты Ирина Карамушкина үй камагына алынган. Штурмдун биринчи күнү 7-августта Атамбаевдин тарапташтары УКМКнын алты спезназчысын барымтага алышкан.

Атамбаев камакка алынгандан кийин бийлик «Масаалык башаламандыктарды уюштуруу», «Аскерлерди барымтага алуу», «Адам өлтүрүү» жана «Адам өлтүрүүгө кол салуу» бернелери боюнча бир нече кылмыш иштерин козгогон.