Аскер прокуратурасы Атамбаевдин жансакчыларынын аракеттерин иликтейт

Аскер прокуратурасы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчыларынын аракеттерине юридикалык баа берүү үчүн аларды суракка чакырган. Алар 7-8-август күндөрү Атамбаевдин Кой-Таш айылындагы үйү штурмга алынып жаткан мурдагы президентти коргошкон.

Жансакчылар мыйзам боюнча мурдагы президентке кепилденген УКМКнын кызматкерлери болуп эсептелип, мамкүзөттүн курамына киришкен.

«Аскер прокуратурасынын тергөөчүсү Атамбаевдин жансакчыларынын аталган окуялардын жүрүшүндө тигил же бул кылмыштык аракеттерге тиешелери бар-жогун текшерүүгө, алардын аракеттери менен жагдайларды толук, ар тараптуу жана объективдүү иликтөөгө багытталган иш-аракеттерди жүргүзүп жатат», — деп айтылат Башкы прокуратуранын маалыматында.

Мурдараак жансакчылардын биринин адвокаты Замир Жоошев аларга «адамдарды барымтага алуу айыбы тагылат» деп кооптонгонун билдирген.

Бирок Башкы прокуратура Жоошевдин жүйөлөрү «чындыкка жатпайт жана коомдо терс резонанс менен терс коомдук пикир жаратууга багытталган» деп билдирген.

Ведомстводон адвокаттын аргументтерин «өтө жеке теориялык пикир» деп аташкан.

«Бардык тергөө аракеттери, аларда жеке өзү болгон адвокат Жоошев өзү ынангандай, мыйзамдын тийиштүү талаптарына ылайык жана прокуратура органдарынын кызматкерлеринин адистик этикаларынын ченемдерин сактоо менен жүргүзүлүп жатат», — деп билдиришти ведомстводон.

Атамбаев 7-8-августта резиденциясын штурмга алуу учурунда кармалган. Жыйынтыгында бир спецназчы каза таап, 170 адам жабыркаган.

Атамбаев кармалгандан кийин коррупция тууралуу иштер боюнча шектелген. Бул иштерди парламентарийлер Атамбаевди кол тийбестиктен жана экс-президент статусунан ажыратуу үчүн карашкан.

Мындан тышкары, мурдагы президент «Адам өлтүрүүнү уюштуруу», «Массалык башаламандыктарды уюштуруу», «Адамдарды барымтага алууну уюштурууга» жана башка беренелер боюнча шектелип жатат.